Евангелие деген эмне?

Библиялык жөнөтуу жөнүндө толготууга убакыт тапканыңыз аңдоого жагымдуу. Сиз, мүмкүн, динге ишенген адам – чиркөөгө барып, адаттарды аткарып, салттарга карата жүргөн адам болушунуз керек. Биздин оюбуз боюнча, бул эң туура. Библияга карата, Кудай, анын сөздөрүнө кулак салган адамдардын жүрөгүндө жашайт деп айтылат. Биз, Библияда айтылган салттарды колдонушубуз керек, бирок чындыгында андай салттар көп эмес. Сууга чумкулуу аркылуу чокунуу жана Христосту эстөө үчүн болгон нан сындыруу бул негизги салттардын бири болуп эсептелет.

Балким сиз – Кудайды өз жашооңузга киргизүүнү гана каалаган жөнөкөй адамсыз.

Бул диний буклеттерди окуп, библиялык маанидеги лекцияларга барып жана аларды

талкуулаган көпчүлүк адамдарга тийиштүү туура деп эсептелет. Биз Кудайга ишенебиз, жана Кудай чындыгында эле бар. Бирок биз Ал жөнүндө, анын сөздөрү – Библияны окуу аркылуу, көптөгөн нерселерди билишибиз зарыл. Ошол сыяктуу биз Кудайды жана кудайлуу келечектин ордун жакшыраак биле алабыз. Библия периштенин айтуусу боюнча адамдар менен жазылган. Бул башкаларга салаштырмалуу, жөнөкөй китеп эмес, ошондуктан биз баарыбыз ыкылас коюп аны окушубуз керек.

Мүмкүн, сиз, Библия жөнүндө бардык нерселерди билем деп ойлойсуз. Сиз Библияны карап, аны барактадыңыз. Өзүңүз, өз алдыңызча чынчыл болуңуз – ал жетиштуу эмес. Сизди келечек жонундогу коркунуч, баарынын бирдиктуу тагдыр жөнүндөгу күмөндөр алып жатат... Бул түшүнбөстүк, кара мышык сыяктуу көптөгөн адамдарды акыркы күндөрүнө чейин куугунтуктан жүрөт. Ошого, биз Сизге дагы бир аракет кылууну сунуш калабыз. Балким, сиздин Библия жөнүндөгү түшүнүгүңүз чоң түйүнгө буулуп, башка бирөөнүн кудайлуу ачыктыгы менен чатышып калгандыр. Бааржокту түшүнүп жана оңой эмес суроолорго жооп табыш үчүн кайрадан Библиянын тексттерине кайрылыңыз.

Сиз үчүн христиан дини бул «интеллектулдык окуя», убактылуу кызыгуу, жомок,

узун шоссенин жолунан өтүп бараткандагы көрүнгөн кичинекей шаарча сыяктуу болушу мүмкүн. Мындай диний түшүнүү сиздин жашооңузду жакшыртпайт. Жашоо ушул сыяктуу мамилени кабыл алууга өтө эле кыска. Ага чейин, библиянын сөзүнө кулак койуңуз. Жок дегенде өзүңүз үчүн, кудайдын жөнөтүүсүн окууга бир аз убакыт табыңыз.

Мен суроо берем - Евангелие деген эмне?

Матфей 1:1 дин Евангелие бөлүмүн ачыңыз. Бул жерде Матфей өзүнүн Евангелие жөнүндөгү түшүнүгүн түшүндүрөт. Төмоөкү сөздөргө туш болобуз:

Авраам тегин Давид уулу Исус урук китеби.

Бул биз күткөн нерсе эмес. Матфей Христосту Давид жана Авраамдын уруугу деп айтайт. Матфей боюнча-бул Евангелиенин башталышы. Павел дагы ошону айтат, Галат 3:8-ге болгон арноону ачып, окуңуз:

Азиздик жазуу, Кудай өз ишеними менен каапырларды актайт деп айтып, Авраамга: “сенден элдин баары ак батасын алат”,-деп билдирген.

Ошентип, Евангелие-бул Авраамга убада болуп бурилген нерсе. Ушинтип Павел айтат. Авраамга берилген кудай убадасын түшүнүү менен, биз Евангелиенин маңызын билебиз. Ветхий Заветке көңүл буралы. Болумуш Китебинин 17:8 чи бөлүмүндө Кудай Авраамга төмөнкүнү айтат:

Сага жана сенден кийинки сенин уруктарыңа, сен сапар чегип жүргөн жерди, Ханаан жеринин баарысын түбөлүк мүлккө калтырам жана аларга Кудай болом.

Ошентип Кудай Авраамга жана анын балдарына жер бетинде түбөлүк жашоону убада кылат. Түбөлүк жашоо – бул Ветхий Заветтин жалпы түшүнүгүнүн бири. Түбөлүк жашоо убадасы Библиянын негизги ойлорунун бири экендигине жана бардык айтуу аркылуу кызыл жиптей тигилген сымал сызыгына көңүл буруңуз. Ушундай да мүмкүнбү? Болумуш Китеби 22:17 жана 18ге кайрылайлы:

Ак батамды берүү менен сага ак батамды берем, асмандагы жылдыздыар жана деңиз жээгиндеги кумдарды көбөйткөн сыяктуу сенин уругуңду көбөйтөм; ошентип, сенин уругуң өз душмандарынын шаарын ээлейт; Менин тилимди алганың учун сенин уругунда жер жүзүнүн баардык улуттары ак батасын алсын.

Авраам дүйнө жүзүнүн ак бата булагы боло турган уулду жарата турган болчу. Библиялык жөнөтүүнү Библиянын өзүнө кайрылуу менен түшүнүүгө болот, ал бардык суроолорго өзү жообун берет. Эми, Жаны Заветтин Апостолдорун Кылмышы 3:25 жана 26ны окуу менен жогоруда айтылгандарга түшүндүрүү табайлы:

Силер, Кудай Авраамга : “жердин баардык уруулары сенин уругуңда ак бата алышат”, деп атаңарага айтуу менен калтырылган Пайгаибардын жана осуяттын балдарысыңар. Кудай өз баласы Иисусту тирилтүү менен биринчи ирет силерге ак бата берүү үчүн, ар бириңерди жамандык иштериңерден чектетүү менен Аны жөнөттү.

Авраамдын уругу ким? Иисус. Жер бетиндеги баардык адамдарга берген ак бата деген эмне? Күнөөлөрдү кечирүү менен сактоо. Эмесе алдыга жылалы. Галат Арноосунун 3:16сын окуйбуз:

Бирок Авраамга ырахат жана анын уруктары берилген. Бирок айтылган: “тукумдарыңа да”, көпчүлүк сыяктуу, ошол эле кезде биримдик сыяктуу : “сенин уругуңа да”, башкача айтканда Христоско да.

Ошентип, Авраамдын тукуму – бир гана адам, Христос. Бирок Ал жалгыз кантип асмандагы жылдыздар сымал көп болуп калды? Жоопту Галат Арноосунун 3:27 – 29 дан таба алабыз:

Христоско чокунган силердин баарынар Христоско берилдинер. Эми Иудей, каапыр да жок; кул жана баш да жок; эркек жана аял деген да жок: анткени силердин баарыңар бирге Иисус Христостосуңар. Эгер силер Христостуку болсоңор, анда силер Авраамдын тукуму жана, айтылуу боюнча мурасчысыңар.

Хритстостун атына гана чокунгандарга жер жүзүндөгү түбөлүк жашоо убада болунган да. Ошондуктан сактоодо болуш үчүн биз баарыбыз чокутулган болушубуз зарыл! Павел, өлүмдүн жакындыгын сезгенде, “Израиль үмүтүндө” болгом деп айткан. Ал эми чокунтуу деген эмне? Бул жөн гана суу чачынтуу эмес. Жаңы Завет грек тилинде жазылган, ал эми бул тилде “чокунтуу” деген сө “чукумтуу” дегенди билдирет. Бул сөз чөгүп бараткан кайык же түстү сууга малуу менен боёло турган кездеменин бир кесимин сүрөттөөдө колдонулат. Матфейден болгон Евангелия 3:13 – 16гу бурулалы:

Ошентип Иисус Галилейден Иорданга Иондан чокунууга келет. Иоанн болсо аны токтотуп айткан: мен Сенден чокунушум керек, Сен да мага келесиңби? Бирок Иисус ага жооп берди: ошондой эле калтыр, анткени ушинтип биз болгон чындыкты аткарышыбыз керек. Ошентип, Иоанн ага уруксат берет. Чокунтулуп, Иисус ошол замат суудан чыкса – Асман ачылып, Иоанн өзүнүн үстүнө ак кептер сыяктуу көтөрүлүп бараткан Кудайдын Периштесин көрдү.

Иисус сууга кирип, андан кайра чыкты. Ал бала кезинде эмес, бойго жетип чокунтулгандыктан, чокунтуу сууну чачуу менен эмес, сууга чөмүлүү менен өткөрүлгөн, ошондуктан бул адат дарыя суусунда орун алган. Иисус чокунтулгандан соң, биз дагы чокунтулушубуз керек. Сууга кируүү жана суудан чыгуу өлүм менен Иисустун кайра жаралышын турмушка ашырып, биз Анын өлүмүн жана Анын кайра жаралышын өзүмдүк кылабыз. Ошол себептен, чокунтуу адаты жөн эле сууну чачуу менен эмес, сууга чөмүлүү менен өткөрүлөт. Римдиктерге болгон Арноо 6:3 – 5ке кайрылсак:

Иисус Христоско чокунган биз баарыбыз, Анын өлүмүнө чокунганыбызды билесиңерби? Ошентип, биз Ага чокунуу менен бирге өлүмгө берилдик. Христос атасынын даңкы менен кайра жаралгандай болуу үчүн биз дагы жаңыртылган жашоону көрөбүз. Эгерде биз ал менен Анын өлүмүнө окшошуп бириктирилген болсок, анда кайра жаралуу менен да бириктирилишибиз да ыктымал.

Ошол себептен биз Сиздерди ушул сыяктуу чокунууга чакырабыз – буну өз жашоо максаты кылып, Иисус Христосту кабыл алгыла! Иисустун атына чокунуу менен биз Анын бир бөлүгү болобуз, ошондо Анын убадалары аткарылат. Ал кайтып келгенде, биз кайра жаралабыз, Ага соттолобуз, жана эгерде биз кудайдын сөзүнө жараша ырас жашоо өткөрсөк, биз түбөлүк жашоого уруксат алабыз. Биз Кудайдын падышачылыгында, жер бетинде жашайбыз. Эгерде силер ошого ишенсеңер, анда жашоо жаңы мазмундуу болот. Кандай гана нерселик кыйынчылыктар менен беттешсек да, биз аларды убактылуу жаратылыш деп ойлоп, бизге түбөлүк жашоону бере турган Иисустун келишин күтөбүз. Мына ошондуктан Библия жана Иисус бизге ҮМҮТТҮ берет. Ал үмүт ушунчалык чоң болгондуктан, күнүмдүк маселелерге көңүл да бурбай койсо болот.

Бирок, ошол Иисус деген адам, бизге кантип куткаруу бере алат? Ал баардык адамзаттын өкүлү болгон, ошого биз Анын өлүмүнө жана кайра жаралууга чокунтулушубуз зарыл. Иисус бизге окшош болгон. Еврейлерге Арноо 2:14 – 18ге кайрылсак:

Бала-чака кан менен денеге атоочтонгон болсо, Ал дагы аны кабыл алган, өлүм менен өлүмдүн кысып турган шайтандын күчүн жок кылуу учун жана өлүм коркунучу менен өмүр бою кулдукка туш болгондорду бошондуруу учун. Анткени, Ал периштелерди кабыл албастан, Авраамдын тукумдарын кабыл алат. Кудай алдында эң биринчи азиз жана сүйкүмдүү болуп, элдин жамандыктарын кечиртүүгө, Ал өз бир туугандары сыяктуу сымалданды. Анткени, Ал өзү башынан өткөргөн, азгыртылган, ошого азгыртылбагандарга жардам берген

 Шайтан же жаныбар, же периште жандык эмес түрүндө сүрөттөлүшүнө көңүл бургула. Ал, айып билдирүүчүсү болуп эсептелет.«Айып үчүн өч – өлүм» (Римдиктерге Арноо 6:23), ошондой эле «шайтан өлүм күчүн ээлерин» биз биле алабыз. Биз көрүнбөгөн жандык менен эмес, өзүбүз менен күрөшүбүз зарыл. 14-чу сапта бир нече жолу окшош сөздөр кайталанат – Ал, Өзү, бизге окшош, деп. Тилекке каршы, көптөгөн «христиандык» группалар, Кудай үчтүмдүү деп окушат жана үчөөнун бири Иисус деп. Бирок Библия такыр бул жөнүндө сөз кылбайт. Еврейлерге Арноого карата, Иисустун маңызын туура түшүнүү биз үчүн аябай маанилүү. Ал бизге эле окшош болгон. Автор аны 4 жолу белгилейт! Анын дагы бизге окшоп, каалоолору болгон. Ким бизди азгыртат? Биз өзүбүздү өзүбүз азгыртабыз. Иаковдун Евангелиясы 1:13 – 15ке кайрылалы:

Азгырууда эч ким: «Кудай мени азгыртат» деп айтпайт, себеби Кудай балакетке азгырылбайт жана Өзү дагы эч кимди азгыртпайт, бирок ар бир адам өзүнүн журуш-турушу менен кошокордонуу жана ээлигүү менен азгырылат; ал эми жаман журуш-туруш болсо, айыпты туудурат, ал эми жасалган айып өлүмдү туудурат.

Жогоруда айтылган нерсе, Иисус адам баласынын жаратындай болгон дегенди билдирет. Библия, Кудай азгырылбайт деп айтат, бирок Иисус азгыртылган. Демек, Иисус Кудай болгон эмес. Ал адам болгон, жаратылышы менен Кудайдын Уулу, Мария аркылуу Давид жана Авраамдын уругу болгон. Кудай жаратыла алган боло албайт, ал эми Иисус жаратылган. Кудай өлмгө туш боло албайт, ал эми Иисус өлүмгө туш болгон. Биз Кудайды көзүбүз менен көрө албайбыз, бирок адамдар Иисусту көрүп, аны кармалап да көрүшкөн. Ошодой эле, Иисус жаралышына чейин бул дүйнөдө жок болгон. Ал Кудайдын баласы, анын энеси Мария болгон. Луканын Евангелиясы 1:13 – 35ке кайрылалы:

Ошентип, ичинде түйүлдүктүү болуп, уул төрөп, ага Иисус деген ат коёсуң. Ал аябай даңктуу болуп, Теңирдин баласы болуп аталат, жана Кудай ага Давиддин тактыгын берет; кылымдар бою Иактын үйүн падышылап, анын падышачылыгына аягы болбойт. Мария болсо периштеден сурайт: эгерде мен күйөөү билбесем, бул кандай болсун? Периште ага жооп кылат: Азиз Пери Сага келет жана теңирдин күчүн сезесиң; ошого төрөлө турган Азиз, Кудайдын баласы.

 Келээр чактын колдонулушуна көңүл бургула! Ал Кудайдын Баласы болот, Мария аны ичинде жаратат – ушул жерден Иисустун тарыхы башталат, бирок Христос жөнүндөгү ой, ниет эң башынан эле Кудай менен бирге болгон. Мария жөнөкөй эле аял болгон. Иисус Авраам менен Давиддин уругу, а бул болсо Анын энеси Авраам менен Давиддин да уругу болгон учурда гана боло турган. Эгерде Иисус – Кудай болсо, анда Мария жөнөкөй аял эмес Кудайдын энеси. Бирок, Библияга карата, Иисус бирдей мезгилде Кудайдын да, Адамдын да Баласы болгон. Башкача айтканда, Мария жөнөкөй эле аял болгон да. Демек, силер өзүңөргө жакын нерсени тандагыла – чыныгы диний ишенич же жалган түшүндүрмөлөрдүн биримдиги. Туура нерселерге ишенүү зарыл, себеби түшүндүрмөлөр биздин жашоого чоң таасир тийгизет. Еврейлерге Арноо 4:15 жана 16га көңүл бурсак:

Анткени биздин жардамыбызга жапа чекпеген биринчи азиз яэмес, бирок биз сыяктуу айыптан башка, баарын азгырылган азизибиз бар. Жакшылыктын тагына ынтылуу менен чыгайлы, жагымдуулук жана жакшылыкты убактылуу жардамга ээ болуу үчүн.

Иисус адамзат жаратылышына ээ болгондуктан, биз коопсуздук менен Ал аркылуу Кудай Сыйына алабыз. Бизге Кудай биздин сыйынуубузду угуу үчүн, чиркоо имараты же пастордун кереги жок.

Мына, жогоруда айтылгандын баарына жыйынтык келтирсем деп ойлойм:

1. Үчтүмдүүлүк эмес, бир гана Кудай бар.

2. Иисус – Кудайдын баласы, өзү Кудай эмес. Ал төрөлүшүнө чейин жашаган эмес. Ал дагы биз сымал азгырылган, биздей тажрыйбалуу болгон, бирок эч кандай айыпка берилген эмес. Ал коркунучтуу өлүм менен өлүп, жанын бизге берди, ал эми Кудай Аны кайра жаратты, анткени Иисус айыпсыз болгон.

3. Биз бойго жеткен убакта да сууга чөмүлүп чокунуу менен Иисустун кайра жаралышы жана өлүмүнө көнө алабыз.

4. Иисус Христос кайтып келгенде, биз кайра жаралабыз, соттолобуз жана Анын Падышачылыгы жер бетинде түбөлүк жашоогоо ээ болобуз. Кудай Падышалыгы, Кудай адамды жараткан Эдем Багындай же андан да сонун болот. Азыркы күндүн жер жүзүндөгу маселелери – согуш, ачкачылык, кайгы, ал турмак өлүм дагы – түбөлүккө жок болот.

5. Өлгөн соң, биз ансызбыз – «тозок» болгону «бейитти» билдирет.

6. Жан өлүмсүз эмес – биз ылайдан жасалганбыз, жана ылай болуп калабыз. Жан – бул биз өлгөндөн кийин Кудай алып кете турган биздин ички дүйнөбүзгө бекитилген жашоо күчү Өлүмдөн соң, биз эч кандай эси бар турушта боло албайбыз.

7. «Шайтан» - бул биз күрөшө турган адамдын жаман ой-тилектеринин белгиси. Бул чындыгында жашаган албарстынын аты эмес. Кудай толугу менен күч-кубаттуу, ал өзүнүн бийлигин шайтан менен бөлүшпөйт. Биздин маселелерибиздин баары Кудайдан болгондуктан, аларда руханий күч бар.

8. Өз алдыбызча Библияны окуу менен, биз Кудайга болгон чыныгы жолду таба алабыз.

Мен Сиздерди ушул нерселер жөнүндө ой толготуп, Евангелиянын чыныгы маңызын түшүнгүчө чейин тынчтанбаганга чакырам. Мен, биздин акысыз библиялык курсту окуп, сууга чөмүлүп чокунууну өмүрлүк максат кылып коёт деп үмүт кылам. Ошондо, Сиздерде түбөлүк жашоого ээ болуу үмүтү чындыгында эле пайда болот. Ооба, чындыгында эле, биз түбөлүк жашоону элестете албайбыз. Бирок, биз өзүбүзгө үзүн, аябай үзүн, аягы жок туздукту элесте алабыз; жана ушул жашоодо болгону бир аз миллиметрге гана алдыга жылдык. Мен Сиздерди буга өтө олуттуу мамиле кылып жана буну жөнөкөй мазмунсуз сайран деп ойлобошунузду суранам.

Дункан Хистер

БИБЛИЯНЫ ТУШУНУУГО УЙРОНГУЛО

АКЫСЫЗ

Чиркөөлөр көп, бирок бир гана Библия бар. Кудайдын арноосун түшүнүү үчүн, биз Сиздерге Библияны өз алдынарча окууну сунуш кылабыз. Биз Кудайдын бирдик экендигине, Иисус Кудайыбыздын баласы экендигине, Ал бизди жараткандыгына жана өлүм менен бир болууга, ошондой эле Христостун кайра тирилүүсунө, бойдон сууга түшүү менен чокунтулушубуз зарыл экендигине ишенебиз. Жер бетинде ( Асманда эмес) Кудайдын падышалыгын орнотуу үчүн жакын арада Иисус кайтып келет. Кудайдын сөзүн окууда жардам боло турган биздин акысыз буклетти алуу үчүн төмөнкү анкетаны толтуруп берүүңузду суранабыз.


Аты: ____________________________________________________________________

Дареги: __________________________________________________________________

____________________________________ Тел: ________________________________

Тили:

Жөнөтүү дареги:

Bible Basics, 49 Woodfields, South Croydon, Surrey CR2 0HJ ENGLAND

change language settings suitable for 800x600 display use full page width
Available languages:
free bible basics